Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 29.08.2018 12:36 На русском

Сүрөт — Ат-Башыда унаа сүзгөн таене көз жумду, эки небереси жандандыруу бөлүмүндө

Turmush -  Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин ЖКККБдан кабарлашты.

Маалым болгондой, кечээ, 28-августта болжол менен саат 20:20 чамасында А.Б. аттуу айдоочунун башкаруусундагы «Ауди А6» үлгүсүндөгү автоунаа 3 жөө жүргүнчүнү сүзгөн. Анын кесепетинен жөө жүргүнчү – 1958-жылы туулган С.Бурул каза болгон. Маркумдун жанындагы кичинекей кыз менен бала – 2011-жылы туулган Н.Аделина менен 2017-жылы туулган Н.Амир Ат-Башы райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Алдын ала маалыматтарга караганда, алар маркум С.Бурулдун жээн неберели болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×