Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуНарын району 27.08.2018 13:18 На русском

Сакал алуучу көбүк менен тартылган жазуу: Аскага ысымдарды жазган 2 адамдын өздүгү такталды (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосуна баруучу жолдун жээгиндеги шаркыратмадагы аскага ысымдарды жазган адамдардын өздүгү такталды. Алар аттарын сакал алуучу зат менен жазышкан. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Нарын районуна караштуу Соң-Көл көлүнө агып түшкөн Кажырты шаркыратмасынын жээгиндеги аскага белгисиз эс алуучулар тарабынан «Миша+Кузя», «Канат», «Азим», «1666» деген сөздөр ак түстөгү чачма боёк менен жазылганы социалдык тармактарда талкууга алынган болчу.

Бул факты боюнча Нарын РИИБдин кызматкерлери тарабынан жогорудагы аскага ысымдарды жазган адамдардын өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлүп, натыйжада алар Кочкор районунун тургундары – 1981-жылы Э. уулу К. жана 1981-жылы туулган М.А. экендиги аныкталган.

Аталган түзүмдүн маалыматына караганда, 2017-жылы болжол менен 10-июнь күнү бул тургундар Соң-Көл жайлоосуна эс алууга барышып, сүрөткө түшүү максатында Нарын районунун аймагындагы Кажырты шаркыратмасына кайрылышкан. Андан соң, М.А. шаркыратманын жээгиндеги аскага сакал-мурут алууга колдонулган (пена) көбүк менен жогорудагы сөздөрдү жазган. Бул учурда алардын жанында өздөрүнөн башка көптөгөн эс алуучулар жүргөн. Э. уулу К. менен М.А.нын көрсөтмөлөрүнө караганда, аталган жазууларды ошол учурда сүрөткө тартып алган кишини байкабай калышкан. Алар ошондой эле, жаан жаап жазылган сөздөр асканын бетинен өчүп калганын, ал эми өчпөй калган жазууларды М.А. өзү колу менен өчүрүп кеткендигин кошумчалаган.

Нарын РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя болгон жерге барып, кароо жүргүзгөн учурда Кажырты шаркыратмасынын жээгиндеги аскада аталган жазуулар жок экендигин аныкташкан. Бул факты боюнча топтолгон материалдар азыркы учурда Нарын РИИБдин тергөө кызматы тарабынан текшерилип жатат.

Буга чейин Нарын облусундагы Соң-Көл жайлоосуна баруучу жолдун жээгиндеги шаркыратмадагы аскага ысымдарды жазган адамдардын өздүгүн тактоо иштери жүргүзүлүп жаткан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×