Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуНарын району 22.08.2018 15:29 На русском

Ат-Башыдагы тургун мушташ учурунда айылдашын өлтүрүүгө шектелип кармалды

Turmush -  Нарын облусунун Ат-Башы районундагы тургун айылдашын мушташ учурунда өлтүргөн деп шектелип кармалды.

Нарын ОИИБдин басма сөз кызматынан тастыкташкандай, 19-августта түнкү саат 23:35 чамасында Ат-Башы РИИБге райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнүн нөөмөттөгү дарыгерлери тарабынан белгисиз адамдын жансыз денеси алынып келингени тууралуу маалымат түшкөн. Ат-Башы РИИБдин ыкчам иликтөө тобу окуя болгон жерге барып, каза болгон адамдын өздүгүн аныкташкан. Натыйжада ал Ат-Башы районунун 1983-жылы туулган К.М. аттуу тургуну болгон.

Жансыз денеге кароо жүргүзгөн учурда күч колдонуу белгилери байкалган. Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө Ат-Башы районунун 1984-жылы туулган Э.М. аттуу тургуну бул кылмышка шектүү катары кармалды.

Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (ден соолукка атайылап оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Азыркы учурда шектүү Ат-Башы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгон тургун менен шектүү ич ара урушуп, мушташып кеткен. Анын кесепетинен К.М. оор жаракат алган. Аны Ат-Башы райондук аймактык ооруканага Э.М. өзү жеткирип барган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×