Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуНарын району 22.08.2018 14:23 На русском

Нарындагы жайлоодо жубайлар унаадагы иске ууланып, уулу жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды

Turmush -  Нарын районунун Солтон-Сары жайлоосунда эки жубай унаадан чыккан иске ууланып каза болушту. Ал эми 12 жаштагы уулу Кочкор райондук аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Нарын ОИИБдин ЖКККБдан билдиришти.

Маалым болгондой, 17-августтан 18-августка караган түнү 1960-жылы туулган А.К. «Тойота Сурф» үлгүсүндөгү автоунаасы менен Кара-Жырга участкасынан Солтон-Сары жайлоосундагы мал сарайына бара жаткан. Анын жанында 1977-жылы туулган аялы М.А. жана 2006-жылы туулган баласы К.у.Д. болгон. Жолдон автоунаасы арыкка тыгылып, А.К. унаасын от алдырып отура берген. Анын кесепетинен ис уруп, айдоочу А.К. жана анын жубайы М.А. каза болгон.

Бул окуя боюнча тергөө иштери Нарын РИИБ тарабынан жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×