Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуКочкор району 20.08.2018 19:02 На русском

Кочкордо бир унаада каза болуп, жаракат алгандар айылдаштар болушкан (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районундагы жол кырсыктын кесепетинен каза болгон 3 адам (эркек кишилер) жана жабыркагандар айылдаштар болушкан.

Жаракат алган жүргүнчүлөр:

- Кочкор районунун Кара-Суу айылынын тургуну Э.Жылдызбек (1971-жылы туулган);

- Кара-Суу айылынын тургуну Ш.Шераалы (1960-жылы туулган).

Каза болгондор:

- Кара-Суу айылынын тургуну А.Таалайбек (1968-жылы туулган);

- Кара-Суу айылынын тургуну Ж.Тынчтык (1975-жылы туулган);

- Кара-Суу айылынын тургуну А.Жумагул (1967-жылы туулган), айдоочу.

Жол кырсык 17-августта саат 15:30 чамасында Кочкор—Ормонхан унаа жолунун 7-чакырымында болгон. Анда «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, экөө жаракат алган болчу.

Маалыматтарга караганда, унаадагы 5 адам Кара-Суу айылынан чыгып, күйүүчү май жеткирүү үчүн сарайга барышкан. Андан чыгып, Кара-Суу айылына кайтып келе жатканда кырсыкка учурашкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×