Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 18.08.2018 10:56 На русском

Нарында 6 унааны уурдап кеткен окуучулар кармалды

Turmush -  Нарын облусунун аймагында мектеп окуучулары 6 автоунааны айдап качып, жетинчисинен акча жана аккумуляторун уурдап кетишкен. Алар көп узабай колго түшүрүлдү.

Аймактык кабарчыга маалым болгондой, акыркы 2 күн ичинде Нарын облусунун аймагында 6 автоунааны укукка жат көрүнүштө ээлеп алуу жана автоунаа тетиктерин, акча уурдоо боюнча 1 факты катталган. Кылмыштуулукту алдын алуу жана шектүүлөрдү кармоо багытындагы «Перехват» операциясынын жүрүшүндө уурулукка шектүү өспүрүмдөр кармалды.

Алар:

- 2001-жылы туулган Т.А.;

- 2003-жылы туулган Т.Б.;

- 2003-жылы туулган М.Э.

Шектүүлөр Ат-Башы айылынан 17-август күнү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн, Ат-Башы РИИБдин жана Нарын ОИИБдин кызматкерлери тарабынан кармалып, учурда териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×