Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуКочкор району 17.08.2018 18:40 На русском

Кочкордогу жол кырсыктан 3 адам каза болуп, экөө жабыркады (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда жол-транспорт кырсыктын кесепетинен 3 адамдын өмүрү кыйылды. Жол кырсык бүгүн, 17-августта саат 15:30 чамасында Кочкор—Ормонхан унаа жолунун 7-чакырымында болгон.

Анда «Фольксваген Пассат» үлгүсүндөгү унаа башкаруусун жоготуп, оодарылып кеткен. Кырсыктын кесепетинен 3 адам каза болуп, экөө жаракат алды. Учурда бул факты боюнча иликтөө иштери жүрүп жатат.

Болжолдуу маалыматтар боюнча, жол кырсыкка кабылган 5 адам тең эркек кишилер. Алар болжол менен 1970-1975-жылдары төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×