Бөлүмдөр
Шейшемби, 18-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 17.08.2018 14:56 На русском

Пара менен кармалган директор: Жумгалдагы ФАПтын кызматкери окуя тууралуу айтып берди (видео)

Turmush -  Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат 7 миң сом пара менен кармалган Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун иши боюнча тергөө иштерин улантып жатат. Бул тууралуу аталган ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

Буга чейин Жумгал райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.А. кызматка орноштурган медайымдан 7000 сом пара алды деп шектелип кармалганы маалым болгон. 1996-жылы туулган Н.К. ушул жылдын февраль айында Кабак айылындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна медайым болуп орношкон. Директор андан жумушка киргениңди майлап бергениң болсун деп 1 кой сурап, бирок кийинчерээк акча сураган. Медайым Н.К. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын башкармалыгына арыз менен кайрылган.

Райондук үй-бүлөлүк медицина борборунун директору М.А. ушул жылдын июнь айында башкы эсепчи Э.С.ны жумуштан бошотуп жибергени да айтылган. Ошондой эле Кабак айылындагы ФАПка жаңы кызматка келген медайым Н.К. кызматтан алынган башкы эсепчинин кайын сиңдиси экени айтылып, бирок кийинчерээк Э.С. анын таажеңеси экени аныкталган болчу.

Тастыктоону талап кылган маалыматтар боюнча, М.А. сурак учурунда инфаркт болуп, андан кийин үй камагына чыгарылган. Буга чейин ага оор операция жасалган. Ал директорлук кызматка ушул жылдын 12-июнунда саламаттыкты сактоо министринин буйругу менен дайындалган.

Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы М.А.нын кармалганын тастыктап, тергөө иштериндеги соттук чечимдер боюнча сот органдарынан тактап алуу керектигин билдирди.

Ал эми Нарын облустук сотунун басма сөз катчысы Барктабас Белековдун айтымында, айыпталуучу М.А.га карата бөгөт коюу чарасы жүйөлүү себептер менен үй камагына алмаштырылган.

«Бул боюнча Нарын шаардык сотунун 2018-жылдын 13-июлундагы токтому Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын Тергөө башкармалыгынын Нарын облусу боюнча ага тергөөчүсү Кеңешбек Кенжекул уулунун №121 сандуу кылмыш иши боюнча Кылмыш-жаза кодексиндеги 313-берененин (опузалап пара талап кылуу) негизинде кылмышка шектүү М.А.ны камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы 2018-жылдын 12-июлунан баштап 12-сентябрына чейин белгиленген. Тактап айтканда 2 айлык мөөнөткө камакка алынган.

2018-жылдын 19-июлунда кылмышка шектүү М.А. бөгөт коюу чарасын өзгөртүп берүү боюнча Нарын облустук сотуна кайрылган. Облустук соттун коллегиясы Нарын шаардык сотунун токтомун күчүндө калтырган.

Айыпталуучу Жогорку сотко кассациялык даттануу келтирип, бөгөт коюу чарасын жүйөлүү себептер менен үй камагына алмаштырган. Учурда Нарын облустук сотуна Жогорку соттун М.А.га карата баш коргоо чарасы боюнча токтомунун протоколу келе элек», - деп айтылат маалыматта.

Медайым Н.К. Turmush басылмасынын кабарчысына окуянын чоо-жайын айтып берди.

Анын айтымында, 2018-жылдын февраль айында медайым болуп жумушка орношкон.

«Эки айдан соң медицина борборунун директору М.А. жумушка киргениңди майлап бергениң болсун деп 1 кой же эркеч сурады. Аны медицина кызматкерлеринин кесиптик майрамына даярдоо керектигин айтты. Кесиптик майрамыбыз 2 айдан кийин болмок. Ошентип май айынын отчетун берүү үчүн райондун борборуна келгенимде "кызым даяр болуп жатабы?" деп сурады. Мен кайын атам алып келип бере турганын айтсам, "атаңды жөн эле кой, койду эле берип жиберсин" деп узатты. Андан кийин 27-июнда биздин айылда электр жарыгы өчүрүлүп, байланыша албай калдык. Ал биздин айылда тиш дарыгер болуп иштеген А.А.дан "койдун ордуна акча эле берсин" деп айттырып жибериптир. Агай менен телефон аркылуу сүйлөшсөм, акча берүүм керектигин айтты. Буга чейин азык-түлүк деп да сураган болчу, бирок ага макул болбой койгом. Андан кийин тиш дарыгер койдун ордуна 7000 сом берсин деп айттырып жибергенин айтты. Ал "сен мага бере бер, мен алып барып берем" деген.

7-июлда медицина кызматкерлеринин кесиптик күнүдө М.А. байланышып, "тиш дарыгер менен бүтүрө бер" деп айтты. Ошол учурда менин таажеңем Э.С.ны (оорукананын башкы эсепчиси) да жумуштан кетирип жиберген. Башкы дарыгер "бул боюнча женең билбейби?" деп сураганда мен жок деп жооп бердим. Акчаны берерде укук коргоо органдарына чалып, М.А. акча алып жатканда кармалды. Ага акчаны тиш дарыгери алып барып берген болчу», - деди Н.К.

Анын айтымында, кайын атасы директорго кой убадалаганы тууралуу маалымат чыдыкка дал келбейт.

«Кайын атам да, таажеңем да бул ишке аралашкан эмес. М.А.ны райондук сот 2 айга убактылуу кармоочу жайга камаган. Бирок 2 күндөн соң Жогорку сот үй камакка чыгарды. Биз азыр соттордун чечимдерин түшүнбөй жатабыз. Тиш дарыгер жана М.А. менен сүйлөшкөн сөздөрдүн аудио жазуусу бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×