Бөлүмдөр
Шейшемби, 20-ноябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.11.2018 01:04 Жаңыланды: 07.11.2018 01:44

Жеңеке: Ырчы М.Канаева ооруканадагы кайненеси үчүн бир күн бою оромо жасаган (сүрөт)

Turmush -  «Жеңеке» рубрикасынын кезектеги каарманы — Ат-Башы районунун Ат-Башы айылына келин болгон Мээржан Канаева. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Мээржан Канаева 1989-жылы Бишкек шаарында төрөлүп, Ат-Башы районунун Ат-Башы айылында өсүп, мектепти аяктаган. 19 жашында ушул эле айылга келин болгон. Келин болгондо көп нерсе билбей жүрүп, кайын энесинен баарын үйрөнгөнүн, келгенден бери бир топ тарбия алганын айткан жеңеке кайненеси менен сырдашат.

«Кичинекей кезимден тарта ырга шыктуу болуп, мектепте окуп жүргөн кезимден тарта ырдап жүрдүм. Көп сынактарга катышып, Курманжан датканы эскерүү салтанатында 3-орунду, К.Жусуповдун сынагынан 2-орунду алгам. Кошой-Коргон фестивалына катышып, жакшы сыйлыкка арзыгам. Чыгармачылык жаатында көп эле жетишкендиктерим бар. 11-класста окуп жүргөндө С.Андабеков атындагы маданият үйүндө иштеп калдым. Андан бери ушул эле жерде эмгектенем. Азыркы учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу өргүүдөмүн. 2011-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство университетине тапшырып, быйыл аяктадым. 2008-жылы турмушка чыккам, 3 балабыз бар. Кайын энең жакшы болсо телегейиң тегиздей сезилет. Апам абдан түшүнүктүү адам. Мени өз кызындай көрүп, аярлап алды. Сырдашкан адамым апам, билбегенимдин баарын үйрөттү. 10 жылдын ичинде жакшы тарбиясын берди», - деди ал.

Ал бала кезинде көп жумуш кылбагандыктан үй оокаттарынан бир кыйла эле кыйналганын айтат.

«Турмушка чыга электе көп оокат жасай алчу эмесмин. Жаңы келин болуп келгенде апам ооруканага жатып калды. Ал учурда камыр жайганды билчү эмесмин. Оромо алып барам деп даярданып, камырды катуу жууруп алыптырмын. Ал болбой калды деп экинчи жолу бир чара камыр жууругам. Ал өтө жумшак болуп калыптыр. Аны 4 жайым кылып бөлүп алсам, бирөө эле стол менен тең болуп калды. Анын арасына картошка, пияз салсам андан да чоңоюп кетти. Түштө баштаган оромом түнкү саат 23:00дө бышты. Күйөөм кошо жардам берип жүрдү. Эртеси күнү ооруканага тамак жеткирип бардык (күлүп)», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×