Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуКочкор району 15.08.2018 08:28 На русском

Сүрөт — Кочкордо комбайн жана 2 унаа кагышып, 2 адам каза болду. Жабыркагандардын арасында өспүрүм бар

Turmush -  Бүгүн, 15-августта таң эрте Кочкор—Бишкек—Торугарт унаа жолундагы жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен 2 адам каза болуп, 2 адам жаракат алды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга ЖКККБнын инспектору, милициянын капитаны Калыс Өмүрзаков билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, саат 05:00 чамасында унаа жолдун 246-чакырымында, тактап айтканда Кочкор районунун аймагында бара жаткан комбайнды «Ауди» үлгүсүндөгү унаа артынан сүзгөн. Кырсык болгон жерге жабыркаган адамдарга жардам берүү үчүн барган «Фольксваген Пассат» унаасы адамдарды унаадан чыгарып жатканда «Мерседес Вито» үлгүсүндөгү унаа эки адамды сүзүп, андан кийин «Аудини» артынан сүзүп токтогон.

«Кырсыктын кесепетинен "Мерседес Вито" унаасы сүзгөн эки адам, тактап айтканда жардам берип жаткандардын бири жана "Аудинин" жүргүнчүсү окуя болгон жерден каза болуп, эки адам жаракат алып, Кочкор райондук ооруканасына жаткырылган. Окуя болгон жерде ЖКККБнын кызматкерлери иш алып барууда. Каза болгондордун бири аял киши, экинчиси эркек киши. Ал эми жабыркагандардын бири өспүрүм бала», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×