Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 13.08.2018 10:52

Нарындагы катуу шамал 7 үйдүн чатырын учуруп кетти (сүрөт)

Turmush -  Кечээ, 12-августта 12:00 чамасында Нарын шаарында ылдамдыгы секундасына 16 метрге чейин жеткен куюн аралаш шамал катталып, 7 турак үйдүн чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, кырсыктын кесепеттерин жоюуга ӨКМдин Нарын шаардык №16 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 8 куткаруучу жана райондук жарандык коргонуу комиссиясы тартылган.

Куткаруучулар шамалдын кесепетинен учкан чатырларды коопсуз жерге ташууга жардам берип, ЖК комиссиясы тарабынан жергиликтүү тургундарга түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлгөн. Бүгүн кошумча тактоо иштери жүргүзүлөт.

Буга чейин катуу шамал соода борборунун чатырын учуруп жаткандагы видео жарыяланган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×