Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Нарын облусу, Нарын 12.08.2018 14:58

Видео — Нарындагы катуу шамал соода борборунун чатырын учуруп кетти

Turmush -  Нарын шаарында бүгүн, 12-августта катуу шамал шаардагы соода борборлордун биринин чатырын учуруп кетти. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, болжол менен түшкү саат 12:00 чамасында Нарын шаарында чаң аралашкан шамал катталды. Анын кесепетинен айрым үйлөрдүн чатырлары учту.

Мындан тышкары «Нарын Сити» соода борборунун чатыры шамалга учуп жаткандагы видео социалдык түйүнгө тарады. Анда чатырдын бир бөлүгү жолдогу унаалардын үстүнөн учуп өткөнүн көрүүгө болот.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×