Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Ысык-Көл облусуТүп району 11.08.2018 12:39

Айыл турмушу: Машыктыруучу М.Жакыпов балбан окуучусу чемпион болгондо кубанганынан ыйлаган (сүрөт)

Turmush -  Түп районунун Михайловка айылынын 32 жаштагы тургуну Мирбек Жакыпов грек-рим күрөшү боюнча машыктыруучу болуп эмгектенет. Ал окуучусу алгачкы жолу чемпион болгондо кубанганынан ыйлап жибергенин аймактык кабарчыга айтып берди.

Машыктыруучу Бишкек шаарындагы Ш.Сыдыков атындагы спорт мектебин окуп бүтүргөн. Ал бала кезинен эле спортко жакын болуп, грек-рим күрөшү менен машыгып келет.

«Спорт мектебинде Майрамбек Ахметов агайымдын кол алдында машыктым. Өзүм Арал айылында чоңойгом. Учурда балдарды грек-рим күрөшү менен машыктырып жатам. Спорттун бул түрүнө агайым Дүйшөн Турдакуновдун түрткүсү менен келип калгам. Учурда 30 окуучуну машыктыруудамын. Балдарды 10 жаштан баштап кабыл алабыз. Окуучуларым көптөгөн ийгиликтерди багындырды. Алардын ичинен Эрлан Касиев аттуу балбан өлкө биринчилигин бир нече жолу утуп алды. Ошондой эле окуучум Курманбек Жапаров жакында эле Иранда окуучулар арасында өткөн Азия биринчилигинде күмүш байгеге ээ болду. Ал учурда спорт мектебинде билим алып жатат», - деди ал.

Окуучусу биринчи жолу чемпион болгондо ыйлаганын айткан М.Жакыпов: «Балдарды машыктырууга абдан көңүл бөлөм. Алардын ийгиликтерине өзгөчө кубанам. Окуучум биринчи жолу чемпион болгондо ал менен бирге кубанып, көзүмөн жаш аккан. Алар Кыргызстанды дүйнөгө таанытса дейм. Ошондой эле жаш балбандарды олимпиадага чыгарууну көздөп жатам», - деди.

Ал 2 кыз жана 1 уулдун атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×