Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 11.08.2018 10:56

Байгөнчөктөгү 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылга бетон түтүкчөлөрүн чыгарган жабдык алып беришти (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Байгөнчөк айылындагы 20 жылдык бүтүрүүчүлөр айылга бетон түтүкчөлөрүн чыгарган жабдык алып беришкендигин аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, аталган айылдын Табрис Оторов атындагы орто мектебинин 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү айылга аталган жабдыкты алып беришип, жергиликтүү жашоочуларды кубанычка бөлөштү.

«Ал жабдыктын жардамы менен узундугу 1 метрди, диаметри 50 сантиметрди түзгөн түтүкчөлөр чыгарылып жатат. Түтүкчүлөр менен ички көчөлөрүбүзгө, жөө адамдар өтүүчү жолдорго кичинекей көпүрөлөрдү салып алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү», - деди айыл башчысы Актан Токтогонов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×