Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Баракелде, Бишкек 10.08.2018 12:28

Бишкектеги эт комбинаттын имараты бир суткадан бери күйүп жатат

Turmush -  Бишкек шаарындагы эт комбинаттын имаратында бир сутка мурун чыккан өрттү толук өчүрүү иштери жүрүп жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 10-августта саат 12:00гө карата берген маалымат боюнча, өрттүн кесепетинен имараттын болжол менен 5 миң чарчы метр аянты күйүп кетти.

Кечээ, 9-август күнү саат 04:53тө Москва жана Фучик көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан эт комбинаттын имаратында өрт чыккан. Өрт саат 11:23тө чектөөгө алынган болчу. Учурда өрттү толук өчүрүү үчүн ӨКМдин Ленин райондук №4 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, №8 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 автошаты, Бишкек сууканал мекемесинен 2 суу ташуучу унаа иштеп жатат. Адамдар жабыркаган жок.

Сүрөттөр 9-августта тартылган

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×