Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Жаш талант: 12 жаштагы Айдана  өз алдынча бийдин түрүн үйрөнүп, сынактарга катышууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Моюн айылынын 12 жаштагы тургуну Айдана Алтынбек кызы быйыл аталган айылдагы Апыш Койчуманов атындагы орто мектебинин 6-классын аяктады. Ал 5 жашынан бери өз алдынча бий кыймылдарын үйрөнүп, буйрутма менен тойлордо бийлеп келүүдө. Аны менен аймактык кабарчы маек курду.

Жаш таланттын айтымында, 2 жылдан бери бийден жана улуттук оюндан сынактарга катышып, байгелүү орундарды алып келет.

«Мен бала бакчадан бери эле бий менен алектенип келем. 5 жашымда клиптерден бийчилердин бийлегенин көрүп, өз алдымча интернеттен карап үйрөнө баштадым. Азыркы күнгө чейин бийдин кыймылдарын клип, интернеттен алам жана өзүм дагы кошумчалайм. Учурда 5 бийдин түрү менен буйрутма менен тойлордо жана салтанаттуу иш-чараларда бийлейм жана 2 жылдан бери жаш талант сынагынан байгелүү орундарды алып келүүдөмүн.

Мындан тышкары тогуз коргоол оюнун эжем Нурпериден үйрөнүп, айыл ичиндеги өткөн сынактан 3-4-орундарга ээ болгом. Ошондой эле бош убактымда кол өнөрчүлүк менен дагы алектенип, түймө түйүп, сайма саям», - деди ал.

Айдана үй-бүлөдө 5 бир туугандын үчүнчүсү. Ал келечекте аскер кызматкери болгусу келет.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 504
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×