Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 09.08.2018 16:01

Ат-башылык келиндер сүттү кайра иштетүүнү үйрөнүүдө (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ак-Жар айылында сүттү кайра иштетүү боюнча теориялык-практикалык окутуулар жүрүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул окууга айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн келиндери кабыл алынган. Окуунун соңунда аларга сертификат тапшырылып, өз алдынча иш жүргүзүүгө мүмкүнчүлүктөр түзүлөт.

«Бул жактан айылдын келиндери сүттөн 14 продукцияны жасоону үйрөнүүдө. 16-июлдан баштап окуп башташты. Мугалимибиз Роза Токтомушева Нарындан келди. Аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү тандап, 10 келин окуп жатат. Окуу аяктаганда Нарындагы чоңдорду окутуп-үйрөтүү борборунан сертификат берилет. Мындан кийин ишкана иштетсе да болот. Башкы максат – аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү жакырчылыктан чыгаруу болуп эсептелет. Түшкө чейин теория, түштөн кийин практика жүзүндө үйрөнүп жатышат», - деди Ак-Жар айыл өкмөтүнүн убактылуу социалдык адиси Айгүл Байболдиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×