Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуКочкор району 09.08.2018 23:48

Кочкордо манасчы С.Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда залкар манасчы Сагынбай Орозбаковдун 150 жылдык мааракеси мамлекеттик деңгээлде белгиленет.

Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын президентинин кеңешчиси Султан Раев, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын облустук драм театрынын директору Темирлан Сманбеков, Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн башчысы Темирболот Абыкеев залкар манасчы Сагынбай Орозбак уулунун күмбөзүндө болушту. Бул жерде алар улуу манасчынын 150 жылдык мааракесин кандай өткөрүү боюнча болжолдуу пландарды иштеп чыгышкан. Манасчынын 150 жылдык мааракеси болжол менен Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин, сентябрь айынын аягында өтөрү күтүлүүдө. Учурда даярдык иштери жүрүп жатат. Буга чейин манасчынын күмбөзү оңдоодон өткөрүлгөн.

Жазма булактарда Сагымбай Орозбак уулу 1867-жылы Ысык-Көлдүн күңгөйүндө Кабырга деген жерде төрөлгөн ( Тарыхчы Белек Солтоноевдин айтымында 1868-жылы 20-апрелде Ысык-Көлдүн түндүк жагы Сары-Ойдо туулган). 1872-жылы атасы Орозбак чүйдүн башы Кертабылгыда 80 жаш курагында кайтыш болот. Энеси да ушул жылы көз жумуп, Сагынбай агасы Алишердин кароосунда чоңоёт. Тогуз жашынан баштап айылда бала окуткан өзбек молдодон 3-4 жыл билим алган. Бирок ал китеп окуганы менен жаза алчу эмес. Кичине кезинде эле ээлигип ырдап жиберчү. Алишер «Манас» эпосунан үзүндү айта калып жүргөндүктөн андан таалим алган. Анын айылына белгилүү манасчы Чоңбаш (Нурмантай) келип, «Манас» эпосунан үзүндү айтканда ээрчип жүрүп үйрөнүүгө аракеттенген.

1881-жылы Россия менен Кытай империяларынын чек араларын тактоо боюнча жүргүзүлгөн Санкт-Петербург келишимине ылайык орустар Кулжа аймагын Кытайга өткөрүп берет. Ал жактагы текестик бугуларды, арык тукум уруусун, саяктардын айрым бөлүктөрүн Ысык-Көлгө көчүргөн. 1882-жылы орус администрациясынын буйругу менен сарбагыш айылдары көлдүн күңгөйүнөн Кочкорго көчүрүлөт. Кочкорго келип, агасы Алишер болуп үй тигип, үй-бүлөсү менен катуу оорушат. Чечектен кыйналып жөөлүп жатканда уйку-соонун ортосунда дүбүрт чыгат. Алишер, Сагынбайлар «Арык тукуму келип айылга чабуул коюп жатабы?» деп ойлошот. Ошол мезгилдерде жаңы көчүп келген сарбагыштардан арык тукуму уруусу, мал алып жаткан кези экен. Бирок дүбүрт арык тукуму эмес эле Манастын колу экенин көргөн Алишер менен Сагынбай аң-таң болушат. Алар «Манас» эпосунан үзүндү айтууну буйруп, убадаларын алган. Ошентип экөө тең р «Манас» эпосунан үзүндү айта баштайт. Алишер Семетейдин Айчүрөккө бараткан жерин кыйын айтчу дешет. Кийин Сагынбай оозуп айта баштаганда Алишер «Манасчылыкты сага бердим» деп токтотуп койгон дешет. Алар Кочкордо эки жыл туруп Чүйгө көчүп кетип, ал жакта он чакты жыл жашаган. Сагынбайдын тайлары ат-башылык азыктар болгондуктан, Келдибек манасчыга жакын жээн болгон. Келдибек манасчы чүйгө барганда аны ээрчип таалим алган. Ал Сагынбайга «Манасты» айттырып көрүп, «Обондон жетише элек экенсиң» деп обон менен кол шилтөө сыяктуу кыймыл-аракеттерди үйрөтөт. Ошентип белгилүү манасчынын таалимин алып он алты жашында чоң манасчы атыгат.

1916-жылы үркүндө Кытайга качып барып, ал жакта да «Манас» эпосунан үзүндү айтып, оокат кылышкан. Алишер экөө 1917-жылы Ат-Башыдагы тайларына барып жан сакташат. Алар үркпөй калышкан. Ошол жылы август айында Ат-Башыдан агасы Алишер 55 жашында кайтыш болот.

Залкар манасчы Сагынбай Орозбаков чоң ырчы да болгон. Анын «Жолбун ит», «Замана», «Сагынбайдын зары», «Отоо чөпкө арнаган ыры», «Шабданды кошкону» бүгүнкү күндө архивде сакталып турат. Ошону менен бирге Сагынбай манасчы «Алтын Көкүл», «Эр Төштүк», «Абай менен Күбөйдүн чатагы», «Алтын сакал Айкожо», «Катагындын хан Кошоюнун эрдиктери», «Торгой менен жылаан», «Санат ырлары», «Кыз узатуу» сыяктуу чыгармаларды аткарып элдин көңүлүн көтөргөн. Сагынбай аш-тойлордо жарчылык кылып, кыз-келиндерге кошок үйрөтүп, ыгы келгенде бирөөлөрдү мактап, жыйылган топто ырчы-комузчуларга баш болуп турган. Ошондуктан Токтогул ырчы «Мен Сагымбайдын ырчылыгына башымды ийдим» деген. Ал акындар менен айтышкан эмес. Себеби, белгилүү акын-ырчылар аны сыйлап айтыша алышкан эмес. Кадыр-барктуу адамдар «Сагымбайдын оозу шок» деп андан жалтанып, сыйлап турушкан. Белгилүү адамдар өлгөндө же алардын ашында, тойлордо атайы киши жиберип чакырттышкан. Бул Сагымбайдын канчалык баркы бар экенин түшүндүрөт эмеспи. Алсак Тыныстан, Байтерек, Бекчоро сыяктуу атактуу адамдардын ашында анын жар чакырганы белгилүү. Жарды «Сагымбай чакырды» деген сөз аркылуу байлар башкалардын алдында сыймыктанышкан...

1922-26-жылдары Ыбырай Абдырахманов «Манасты» Сагымбай Орозбаковдун оозунан жазып алган. Жазуу иштери жүрүп жатканда манасчы ооруга чалдыгып, жакшы боло албай Семетей, Сейтек бөлүмдөрү кагазга түшпөй калган. Ал Манастын жети муунун «Алымсарык», «Кулансарык», «Кенен», «Чынтемир» жана башка дастандарды кошуп айтчу эле дешет, аны көргөндөр. 1929-жылдары айылдык активдер манасчыга ыгым-чыгымды көп сала башташат. Ал каяша айтпастан аны төлөп турган. Аны «Эки аял алгансың, бай-манаптын ырчысысың» деген жөнү жок кодулоолор көп болгон. Аргасыз Ысык-Көлдүн күңгөйүндөгү карындашынын жанына көчүп барып, Тору-Айгырдагы токой арасында боз үйгө кыштайт. Эл жакшы кабыл алгандан оорусунан бир аз тыңып, эпостон үзүндү аз-аздап айта баштаган. Жазга маал оорусу кайра күч алганда, аялы Мария туугандарына кабар айттырат. Беш күндөн кийин Кочкордон туугандары барып, ал жактагы элдин каршы болгонуна карабай арабага салып жөнөшөт. Аңыртынын суусуна келгенде, суудан ичип алып жан берет. Ошентип 1930-жылы май айында залкар Манасчы дүйнө салып, Кош-Дөбөдөгү Аймамбеттин коктусуна коюлат. Мүрзөсүнө эл кыш куюп, чоң коргон салышат. Сагымбайдын коргонунун тегерегинде башка мүрзө жок.

1992-жылы залкардын 125 жылдык мааракесине арнап, Кош-Дөбө айыл өкмөтүнүн Айгыр-Жал участкасына күмбөз тургузулган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×