Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусу, Нарын 09.08.2018 14:26

Айыл турмушу: Батирге 5 000 сом төлөп жашаган памирлик Абдылгапар мал союучу жайда иштеп жатат (сүрөт)

Turmush -  Нарын шаарында жашап жаткан памирлик кыргыз Абдылгапар Абдурасул уулу мал союучу жайда эмгектенүүдө. Аймактык кабарчы этникалык кыргыздан кабар алды.

37 жаштагы Абдылгапар Абдурасул уулу Кыргызстанга Улуу Памирден келген. Анын 2 кызы бар, 12 жаштагы кичүү кызы Нарын шаарындагы №87 кесиптик лицейинде окуп жатат. Улуу кызы 20 жашта, ал турмушка чыккан. Учурда Абдылгапар Абдурасул уулу күйөө баласы менен бирге Нарын шаарындагы Интернат аймагында 2 бөлмөлүү батирде турат. Ижара акысына 5000 сомдон төлөйт.

«Интернат аймагында жашаган бир досум бар эле. Ошол ушул жумушка чакырды. Келгениме 18 күн болду. Бул жерде Мурат деген байке бар. Аябай жардам берип, мага баш-көз болууда. Бир күндө 300 сомдон каражат табат экенбиз. Эмгек акы малдын санына жараша болот экен. Кээде мал аз да болуп калат.

Интернатта жашайм, күнүгө жол киреге 40 сом кетет. 3 айдан бери батирдебиз, 5000 сомдон төлөйбүз. Буга чейин Миң-Булак айылында бир малчынын малын карап, чабан болуп иштедим», - деди ал.

Абдылгапар Абдурасул уулу: «Бул жерде мал союу үчүн жакшы шарттар түзүлүптүр. Баары электр энергиясы менен иштейт экен. Биз жакта малды союп алгандан кийин, терисин муштап сыйрыйбыз. Бул жакта бычактын мизи менен союп, кол тийгизишпейт экен. Мүчөлөгөнү окшош. Бирок баш менен куйруктун баасы жок экен. Биз жакта баш менен куйрукту аябай урматтайбыз. Биринчи башты, андан кийин куйрукту улуу деп эсептейбиз. Биз жакта улуу кишиге баш менен жамбашты тартабыз. Куйрук менен карчыганы аял кишиге беребиз. Нарында этти аябай көп жешет экен. Памирде эт анча желбейт», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×