Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Нарын районунда жайлоолордогу малчылардын ден соолугу текшерилүүдө (сүрөт)

Turmush -  Нарын райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан алыскы жайлоолордогу малчылардын ден соолугу жеринде текшерилүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, жайлоолордогу малчыларга дары-дармектер берилип, кан басымдары текшерилип, медициналык кароодон өтүп жатышат. Район акими Семетей Черикбаев малчылардын абалын, көйгөйлөрүн сурап, кыштоого эрте көчүп барган чабандарга катуу чара көрүлөрүн эскертип, тартипке чакырды.

Бул жолу Эмгекчил айылынын Көк-Торпок, Чет-Нура жайлоолорундагы, Орток айыл өкмөтүнүн Кара-Саз жайлоосундагы малчылардын саламаттыгы текшерилди.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 487
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×