Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Нарын облусундагы мектептерге видеокөзөмөл орнотулууда (сүрөт)

Turmush -  Мектеп окуучулар арасында кылмыштуулукту азайтуу жана алдын алуу максатында 1-сентябрга карата Нарын облусунун бардык мектептерине видеокөзөмөл орнотулат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева билдирди.

Анын айтымында, 2017-жылдын 1-декабрына чейин облустун аймагындагы мектептерге 331 видеокөзөмөл коюлса, 2018-жылы 1-августтагы жыйынтык боюнча 443 видеокөзөмөл орнотулган.

«Мектептердеги окуучулардын арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу жана рэкетчиликти жоюу максатында ар бир мектепке видеокөзөмөл коюлууда. Бул боюнча облустун бардык мектептерине тапшырмалар берилген. 1-сентябрда бардык мектеп видеокөзөмөл менен камсыз болот. Буга чейин 1-августка карата жалпы 443 видеокөзөмөл коюлган. Ошондой эле жол кырсыктын алдын алуу максатында мектептердин жанына жол белгилерин жана жол чырак орнотуу иштери жүрүүдө», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 727
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×