Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуНарын району 08.08.2018 16:15

Жаш талант: Телефон менен тасма тарткан нарындык окуучу Асылбек экинчи эмгегин жаратты (видео, сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылындагы мектептин окуучусу Эсенгул уулу Асылбек сценарий жазып, кыска метраждуу тасма тартты. Аны менен аймактык кабарчы маектешти.

Эсенгул уулу Асылбек 2001-жылы 31-январда Нарын районуна караштуу Таш-Башат айылында төрөлүп, ошол жерде өскөн. Үй-бүлөдө 3 бир тууган, айылда таене жана таятасынын колунда тарбияланган. Быйыл Мамбет уулу Дүрбөлөң атындагы орто мектебинин 10-классын бүтүрдү.

Буга чейин ал достор тууралуу 30 мүнөттүк тасманы 25 күндүн аралыгында тартып, мектеп окуучуларына жана айыл тургундарына тартуулап, андан түшкөн каражатка мектепке музыкалык аппарат сатып берген эле. Учурда ал экинчи «Азат» аталышындагы 15 мүнөттүк тасманын сценарийин жазып, демөөрчүлөр тарабынан тартты.

«Биринчи тасманы телефон аркылуу тарткандыктан, албетте кемчиликтер болгон. Ал тасманы тартып бүткөндөн кийин элге 20 сомдон коюп берип, 4000 сом каражат чогултуп, мектебибизге 6000 сомдук музыкалык аппарат алып бергенбиз. Анын 2000 сому мектептин бюджетинен берилген эле.

Ал эми "Азат" тасмасын тартуу идеясы биринчи тасманы тартып жатканда эле пайда болгон.
Turmush басылмасы жана башка ЖМКга чыккандан кийин Бишкектен бир жеке студия телефон аркылуу чалып, сынак уюштурушканын жана мен жазган сценарийдин негизинде тасма тартып, монтаждап беришерин айтышты. Мен дагы макулдугумду берип, сценарийимди жөнөттүм. Ошентип аталган студиянын өкүлдөрү Нарынга келип, тасманы бир жарым күндүн ичинде тарттык. Тасмага жалпы ондой каарман катышты. Бул тасмада эки бир туугандын бир күндүк жашоосу чагылдырылган. Эмгек мигрант болуп кеткен үй-бүлөнүн балдарынын жашоосу, ага-ининин бири-бирине болгон мамилеси көрсөтүлгөн», - деди ал.

Тема боюнча:

Жаш талант: Робот-манипулятор жасаган Асылбек республикалык сынакта Нарындын намысын коргойт (фото)

«Спиртсмендер эмес, спортчулар көбөймөк»: Нарындык окуучулар өз көйгөйлөрүн чагылдырган тасма тартышты (видео)

Нарындык окуучулар телефон менен тасма тартып, андан түшкөн акчага мектебине музыкалык аппарат алып беришти (видео)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×