Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуНарын району 08.08.2018 14:56

Нарындын Казан-Куйган айылында 100 орундуу мечит курулууда (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Казан-Куйган айылында 100 орундуу заманбап үлгүдөгү мечит салынууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Кубан Бабаев билдирди.

Анын айтымында, аталган айылда буга чейин мечит болгон эмес. Мындан улам тургундар айт намаздарды коңшу айылдагы мечитте окушчу.

«Жаңы мечит демөөрчүлөр тарабынан 100 кишиге ылайыкталып салынууда. Учурда мечиттин пайдубалы толугу менен бүткөрүлдү. Мечиттин долбоорун өзүбүздүн айыл тургундарынын бири даярдап жасатууда. Буюрса мечиттин курулушун ушул жылдын күз айларына чейин толук бүткөрүү пландалууда», - деди К.Бабаев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×