Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Айыл турмушу: Агайына диагноз койгон мээрман айым  30 жылдан бери медицина тармагында иштейт (сүрөт)

Turmush -  Ат-башылык Базаркүл Калназарова 30 жыл мээрман айым болуп эмгектенген. Ал аймактык кабарчыга кызыктуу жашоосу, кесиби жөнүндө айтып берди.

Базаркүл Калназарова 1962-жылы Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылында төрөлгөн. 1987-жылы Нарын медициналык училищаны бүтүп, ошол эле жылдан тарта Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунда көз оорулар бөлүмүндө 25 жыл иштеген. Андан бери ошол эле оорукананын кабыл алуу диагностикалык бөлүмүндө медайым болуп иштеп келе жатат.

«1980-жылы жолдошум экөөбүз баш кошконбуз. Нарынга 1985-жылы көчүп келдик. Жолдошум Чернобыль апаатына катышкан, 2 кыз жана 1 эркек балабыз бар. Үйдөн кол өнөрчүлүк менен алектенем. Гүлдү аябай жакшы көрөм, ошол себептен гүл өстүрөм», - деди ал.

Медайым жумуштагы эсте калган окуяларын айтып берди.

«Медайымдык кесип мага абдан жагат, ак халат кийип иштөө — мага стимул берет. Ооруган адамдарга жакшы сөз айтсаң, ал айыкканга тете болот. Ошондуктан ар бир бейтапка жакшы мамиле жасоого аракет кылабыз. Үйүнө чейин барып кеңеш берген күндөрүм болгон. Бизге ар түрдүү адамдар келет. Алар сакайып кетсе, биздин жумуштун ырахаты ушул. Бир жолу көз оорулар бөлмөсүндө иштеп жүрсөм, бир бейтап “Унаамды оңдоп жатсам көзүмө темир кирип кетти” деп келди. Дарыгер болсо кетип калган, эми кандай кылам деп, өзүм аракет кылып көзүндөгү темирди алып бердим. “Алтын колуңузга береке, мен сизге чоң белек кылам” деп кетти. Бир күнү китеп көтөрүп келиптир. Көрсө ал адам китеп жазат экен. Китебине мени да медицина кызматкерлери менен бирге чыгарып коюптур. Ошондо жакшылыкты өтө баалаган, билген адамдар бар экен деп таң калгам.

Көз оорулар кабинетинде иштеп жүргөн кезим. Өзүмдүн агайым эртең менен эрте көзү ооруп, кыпкызыл болуп келиптир. “Агай көзүңүзгө эмне болду, шишиген катаракт болуп калган го" десем, жолдомо кагаз жаздырып кетти. Андан кийин агай "Базаркүл туура диагноз койду" деп көпкө айтып жүрдү», - деди ал.

Медайымдын ак түстөгү чачына көп адамдар кызыгат.

«Чачыма кызыккандар көп, мурда чачым кара болчу. Медицина тармагында көп ойлоносуң. Бирөөгө ийне сайып койсоң да ойлоносуң. "Жакшы болду бекен" деп ойлонуп жатып, чачым агарып кетти (күлүп)», - деди ал

Базаркүл Калназарова 2014-жылы «Саламаттыкты сактоонун ардактуу кызматкери» наамына ээ болуп, 2016-жылы «Нарын облусунун ардактуу атуулу», «Нарын облусунун ардактуу медайымы» деген төш белгисин алган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1961
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×