Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусу, Нарын 08.08.2018 11:50

Бишкек—Нарын жолунда унаа кырсыкка кабылган жүргүнчүлөрдүн экөөнүн колу-буту сынган (сүрөт)

Turmush -  Бишкек—Нарын унаа жолунда жол-транспорт кырсыгына кабылган жүргүнчүлөр Нарын облустук бириктирилген ооруканада дарылынап жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга аталган ооруканадан билдиришти.

Маалым болгондой, 6-августта саат 15:30 чамасында Нарын районунун Эмгекчил айыл өкмөтүнүн Кара-Бүк тилкесинде карама-каршы жүрүп бара жатышкан кичи автобус менен жеңил автоунаа кагышып, анын кесепетинен 14 адам Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын сыныктар бөлүмүнө кайрылышкан. Алардын ичинен 12 адам аталган бөлүмгө жаткырылса, 2 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат.

«Көпчүлүгү жеңил жаракат алгандар, арасында бирөөнүн буту, дагы биринин 2 колу сынган. Учурда абалдары туруктуу. Бардык медициналык жардамдар көрсөтүлүп жатат», - деди сыныктар бөлүмүнүн башчысы Кубан Борсокеев.

Ат-Башы районунун 66 жаштагы тургуну Жумаш Молдалиева Бишкектен Нарынга келе жаткан.

«Биз Бишкектен келе жатканбыз. Маңдайыбыздан ак унаа чыкты. Кырсык экен, кагышып калдык. Бутум сынып, оор жаракат алдым. Сыныктар бөлүмүндө дарыланып жатам. Дарыгерлер күндөп-түндөп карап жатышат. Аларга ыраазымын, аябай күчтүү адистер экен», - деди жабырлануучу Жумаш Молдалиева.

Нарын шаарына жакын жерде «Субару» жана «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү автоунаалар кагышканын 7-августта окуянын күбөлөрү маалымдаган болчу.

Нарын облустук ЖКККББнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жол кырсык 6-августта саат 16:00 чамасында Бишкек—Торугарт унаа жолунун 345-чакырымында катталган. Анын кесепетинен 17 жүргүнчү жабыр тартышкан. Алардын арасында 3 кичинекей балдар болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×