Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Нарын районунда кышкы мезгилге көмүр тартуу маселеси талкууланды (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун мекеме-ишканаларынын кышкы жылуулугуна 15 миң тонна кара алтын керектелет. Бул тууралуу райондун 7 ай ичинде аткарылган иштеринин жыйынтыгын чыгарган жыйында белгилүү болду.

Маалым болгондой, бүгүнкү күндө социалдык объектилерге бир да күкүм көмүр түшө элек. Учурда айыл өкмөттөрдө, мекеме-ишканаларда тендер жарыяланып, анын жыйынтыгы чыгарылган. Эми утуп алган компаниялар 1-октябрга чейин көмүрдү тартып бүтүшү керек.

Жыйында район башчысы тиешелүү жетекчилерге сапаттуу көмүр менен камсыз болууну көзөмөлдөө боюнча бир катар тапшырмаларды берди. Мындан сырткары тоют топтоо, оруп-жыюу жумуштарынын жүрүшү да талкууланды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 473
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×