Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Нарындын Жер-Көчкү айылындагы ФАП 550 миң сомго оңдоодон өткөрүлдү (сүрөт)

Turmush -  Нарын районунун Кара-Кужур айыл аймагына караштуу Жер-Көчкү айылындагы ФАП 550 миң сомдук каражатка толук оңдоодон өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Кара-Кужур айыл аймагынын башчысы Курманбек Аалиев билдирди.

Маалым болгондой, Нарын районундагы алыскы айылдардын бири болгон Жер-Көчкү айылындагы ФАП бир нече жыл мурун курулуп, оңдоо иштеринен өткөн эмес.

«Бул ФАПтын салынганына көп жыл болгондугуна байланыштуу эскилиги жетип, капиталдык оңдоого муктаж болгон. Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 550 миң сомдук каражатка ФАПтын ичи жана сыртын толугу менен оңдоттуруп чыктык. Ошондой эле демөөрчүлөр 300 миң сомго эмерек алып беришти», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 530
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×