Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 07.08.2018 17:45

Айыл турмушу: Ысык-көлдүк А.Темирбеков фотомозаика жасап киреше табууда (сүрөт)

Turmush -  Ысык-Көлдүн 23 жаштагы тургуну Аскар Темирбеков фотомозаика жасап киреше табууда. Ал бул өнөрдү интернеттен карап үйрөнгөн. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, фотомозаика Кыргызстанга кеңири жайыла баштады.

«Эки жыл мурун фотомозаика жасоого кызыгып, аны жасоо жолдорун интернеттен таап үйрөнгөм. Азыркы учурда фотомозаика Кыргызстанга кеңири жайыла баштады десем да болот. Чоң фотомозаиканы жасоого 2-3 күндүк убакыт керек болот. Ал 700 сомдон 2300 сомго чейин бааланат. Өлчөмүнө жараша баасын бычабыз», - деди ал.

Аскар Темирбеков фотомозаика жасаган программаны 1000 рублга сатып алып, иш баштаган.

«Биздин иш да сезон менен болот. 8-мартка чукул ишибиз көбөйө баштайт. Көбүнчөсү оргиналдуу белек деп эсептешет. Ошондуктан жакындарына белек кылуу үчүн буйрутма кылышат. Азыр райондордо да буйрутма берген кардарларыбыз бар. Той учурунда бизде да иш кызыйт», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×