Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуЖумгал району 07.08.2018 17:01

Айыл турмушу: Чечендик өнөрдү 20 жашында өздөштүргөн жумгалдык Ч.Исмаиловдун ишкерликтеги ийгилиги (сүрөт)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун Чаек айылында туулуп, ушул жерде өскөн Чыңгыз Исмаилов 20 жашында чечендик өнөрдү өздөштүрүп, студенттерге мотивациялык сабактарды берип баштаган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Чыңгыз 1988-жылы төрөлгөн. Үй-бүлөдө 2 бир тууган өзүнөн улуу агасы бар. Атасы Эсенбек Исмаилов 1956-жылы туулган, өмүр бою айылдык кеңеште иштеп, тилекке каршы Чыңгыз 10 жаш кезинде көз жумган. Апасы Бурул Орозалиева эл агартуу кызматында алгач Ош шаарындагы мектептердин биринде иштесе, кийин Жумгал районунун Доскулу айылындагы М.Өмүрканова атындагы орто мектебинде мугалим болуп иштеген.

Чыңгыз 2007-жылы Кыргыз-Орус славян университетинин филология факультетине тапшырып, аны 2012-жылы артыкчылык диплом менен аяктаган. 2008-жылдан баштап 20 жашында чечендик өнөргө кызыгып, аны жакшы өздөштүрүп, студенттерге сабак бере баштаган. 2009-жылы тажрыйбаны топтоп, чечендик өнөр боюнча китеп чыгарды. Азыркы учурда 5 китептин автору, «Ийгилик жолу» китеби 3 жолу басылып чыгарылган.

Чыңгыз өз оюн тасма аркылуу жалпы өлкөгө жеткириш үчүн 2016-жылы «Уламыштар» аттуу тасманы тарткан. Учурда «Купуя сыр» деген элдерге дем бере турчу тасманын үстүндө иштеп жатат.

«Азыр биздин калайык калктын менталитетине туура келе турган "Ийгилик жолу" деген тасманы тартып бүттүк. 2012-жылы университетти бүтүрүп, ар кайсы жумуштарга орношуп, бирок ал жактардан толук канааттанбай, чечендик өнөрдөн сабак өтүп, жеке ишкерликти баштагам. 2012-жылдан азыркы учурга чейин 3 миңден ашык адамга чечендик өнөрдөн сабак бердим, алардын ичинде чоң ишкерлер, депутаттар, мамлекеттик кызматкерлер, шоу-бизнес өкүлдөрү, студенттер жана башка көптөгөн тармактардын өкүлдөрү бар», - деди Ч.Исмаилов.

Ал мектеп, университет жаштарга заманбап сабак бере албайт деген ойду карманат.

«Студенттик кезден эле жаштарга сабак берип жатып мен бир нерсени байкаган элем. Мектеп жана университет жаштарга заманбап билим бере албайт экен. Адам кантип максат коюш керек, убакыттын баркын билип, аны кантип пландаш керек, туура кесипти кантип тандаш керек, жеке ишкер кантип болуш керек жана башка ийгиликке тепкич боло турган билимдер жаштарга берилбей жатканына кейидим. Ошондо орто мектепке ылайыктап, методика, программа жазып чыгып, ар кайсы мамлекеттик мекемелерге барып сунуштай баштадым. Билим берүү министрлигине менен ал кездеги Жаштар министрлигине, бир топ депутаттарга кайрылып, өлкөнүн президентине кат жолдогом. 8 жылдык аракеттин артынан эч кандай жыйынтык чыкпады. Мага "Ал программаны иш жүзүнө ашырыш үчүн акча керек, биринчи адистерди окутуш керек. Алар мектептерге сабак бергенде ар бир саатына төлөп бериш керек. Бул нерсеге мамлекетте каражат жок дешти" деп айтышты. Ошондо "Канткенде бул программага акча тапса болот?" деп көп ойлондум. Ошентип акыры изденүүнүн аркасы менен бут кийим тигип баштадык. Ар бир сатылган бут кийимден түшкөн 100 сом пайданы биздин билим берүү боюнча программага жумшап келебиз», - деди ал.

Чыңгыз үй-бүлөлүү, жубайы менен баш кошконуна 2 жылдын жүзү болгон. Эки жаштын ортосунда учурда 1 уул бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×