Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуНарын району 07.08.2018 15:13

Нарын районундагы «Кур-Терек» ат майданы оңдоп-түзөөдөн өтүүдө (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Эмгекчил айылында жайгашкан «Кур-Терек» ат майданынын айланасы тосулуп, оңдоп-түзөөдөн өтүүдө. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов, Нарын районунун акими Семетей Черикбаев Нарын районундагы «Кур-Терек» ат майданынын курулуш иштери менен жеринде таанышып чыгышты. Нарын районунун акими ат майданын оңдоого жергиликтүү мекеме-ишканалар жана тургундар каржы жагынан жардам берип жаткандыгын айтты.

Нарын районундагы «Кур-Терек» ат майданында облустук деңгээлде улуттук ат оюндары өткөрүлүп келет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×