Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуКочкор району 07.08.2018 14:49

«Музыка коюп бийлебейбиз»: Комузду унуткан памирлик Исламидин жарым саат өлөң айтты (видео, сүрөт)

Turmush -  Кичи Памирден Кыргызстанга келген этникалык кыргыз Насирдин уулу Исламидин Кочкор районундагы шырдак фестивалында жарым сааттай өлөң айтты, деп билдирди аймактык кабарчы.

Насирдин уулу Исламидин Кичи Памирде дайынсыз майрам, шаан-шөкөт деле боло бербесин, бирок тойлордо гана көңүл ачышарын айтты.

«Кичи Памирде силердей комуз чертип, обон салбайбыз. Музыка коюп бийлебейбиз. Комуз да унутулуп калган. Той, түлө бергенде музыкасы жок гана өлөң айтышабыз. Кыз узатканда, келин алганда өлөң айтылат», - деди ал.

Маалымдама:

Өлөң – кыргыз оозеки адабиятындагы лирикалык текке кирүүчү жанр. Мында үй-бүлө, сүйүү, ашыктык темасы ырдалган. Өлөң өзүнчө музыкага, обондуулукка ээ болуп, аягы созулуп аяктайт да, жеке адам же жамаат тарабынан аткарылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×