Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуНарын району 07.08.2018 14:30

Нарындын Миң-Булак айыл өкмөтүндө 1,5 млн сомдук веткомплекс курулду (сүрөт)

Turmush -  Нарын районуна караштуу Миң-Булак айыл аймагында эки айылга кызмат кыла турган 1 млн 500 миң сомдук веткомплекс курулду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Миң-Булак айыл аймагынын башчысы Казыбек Усупов билдирди.

Маалым болгондой, Миң-Булак айыл өкмөтү жалпысынан 3 айылды, тактап айтканда Миң-Булак, Куйбышев жана Өрнөк айылдарын камтыйт. Акыркы убакта аталган айылдарда мал баккандардын саны көбөйүп, заманбап ветеринардык комплекске муктаждык пайда болгон.

«Жаңы ветеринардык комплекс Миң-Булак жана Куйбышев айылынын ортосунда курулду. Ветеринардык комплекс курулган жер айыл өкмөттүн муниципалдык жери болуп эсептелинет. Мурда бул жер уй сарай болчу, тилекке каршы союз таркагандан кийин уй чарба да тарап кетип, жер бош калган. Бул жерге жаңы ветеринардык комплекс 1 млн 500 миң сомдук каражатка курулууда, бүгүнкү күндө курулушу толук бүтүп калды.

Веткомплекстин курулушунун өзгөчөлүгү – эки айылдын ортосуна салынды. Себеби, фермерлер көп, малдын саны дагы акыркы жылдары өскөндүктөн веткомплекс зарыл болуп калган эле. Бул комплексти АРИС аркылуу бүткөрүп жатабыз, комплекстин аймагы кенен болгондуктан малды дарылоо жана эмдөөгө болот», - деди Казыбек Усупов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×