Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 07.08.2018 13:20

Ак-Талаада тургундарга өзгөчө кырдаалдын алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүрдү (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Үгүт жана Байгөнчөк айылдарынын жашоочуларына өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу туурасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндүгүн райондук өрткө каршы бөлүмүнүн улук лейтенанты Кылыч Суранбаев аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 6-август күнү потенциалдуу коркунуч бар делген Үгүт жана Байгөнчөк айылдарында жашаган калкка табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдар пайда болгон учурда жүрүм-турум эрежелери, сактануу ыкмалары айтылды. Түшүндүрүү иштерине жарандык коргонуунун, медицина кызматкерлери, райондук ички иштер бөлүмүнүн жана өрткө каршы күрөшүү бөлүмүнүн адистери катышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×