Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАт-Башы району 07.08.2018 12:20

Айыл турмушу: Жайлоодо күнүнө 45 бээ сааган Ч.Абдраимов кымыз сатып киреше табууда (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Бирлик айылынын тургуну Чоробек Абдраимов 8 жылдан бери жайлоого чыгып, мал багып, бээ саайт. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Учурда Чоробек Абдраимов 40 жашта, ал 4 баланын атасы. Үй-бүлөсү менен Ак-Сай жайлоосуна чыгып, кымыз сатып киреше табат. Алар 3 желе бээ багат, ар бир желеде 15тен бээ бар. Сүттү өтө жогору баалаган каарманыбыз кымыздан жакшы киреше түшөрүн айтып берди.

«Бээнин сүтү абдан пайдалуу. Ошондуктан жайлоого чыгууну адатка айлантып алдык. Эс алуучулар жылдан жылга көбөйүп жатат. Сүт менен дарыланууга келгендердин саны арбын. Бир гана Кыргызстандан эмес Германиядан келгендер да бар. 8 жылдан бери жайлоого чыгып, майдан сентябрь айына чейин, тактап айтканда 4,5 ай жүрөбүз. Корообузда 500 кой, 80 уй бар. Уйлардын 10го жакынын саайбыз. Бир күндө 45 бээ саап, сүтүн сатып, келген меймандарга беребиз», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×