Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.08.2018 15:23

Ак-талаалык эки балбан эр эңиш боюнча Көчмөндөр оюндарына жолдомо алышты (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун Жаңы-Талап айылынын эки эр эңишчи балбаны III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алышкандыгын аймактык кабарчы билдирди. Маалым болгондой, эр эңиш боюнча көптөгөн эл аралык жана республикалык мелдештерде алдыңкы орундарды камсыздап келишкен Жекшен Турдубеков жана Ислам Бердибек уулу эр эңиш боюнча күч сынашат.

Көчмөндөр оюндарына катышууга жолдомо алышкан эки балбанга Жаңы-Талап айыл өкмөтү, Нарын облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын райондук өкүлү Рүстөм Жусупбек уулу, райадминистрация жана ошондой эле Жаңы-Талап айылынын райондун борборунда жашап иштеген тургундары 15 миң сом демөөрчүлүк кылышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×