Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

«Тагдыр»: 4 баланын энеси Н.Стамакунова темир терип, элдин паласын жууп жан багууда (видео, сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Назгүл Стамакунова темир терип, элдин паласын жууп тыйын табат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Назгүл Стамакунова 1960-жылы Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылында төрөлгөн. Учурда ал 4 баланын апасы. Быйыл 58 жашка чыкса да пенсияга чыга элек.

«Азыркы учурда элдин оокатын жасап, жан сактап жатам. Ат-Башынын башынан аягына чейин кыдырып чыгам. Темир терем, аны өткөрөм. Элдин паластарын суу жээгине алып барып жууйм. Палас жууганыма көп эле убакыт болуп калды. Бирөөнү 300 сомдон деп баалайм. Мындан сырткары үй дагы актайм. 4 балам бар, баары өздөрү менен өзү.

Алдыда ураганы калган тамымды бүтүрүп, оңдоп алсам дейм. Кичинекей эле там, бирок колубуздан келчүдөй эмес. Болгон аракетибизди жасап жатабыз», - деди ал.

Назгүл Стамакунованын байланыш номуру — 0 706 373 761.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
1
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4769
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×