Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Жаш талант: 10 жаштагы Айпери алмаз жана жөрмө сайма менен сүрөт тартып, Көчмөндөр оюндарына даярданууда (сүрөт)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын 10 жаштагы тургуну Айпери Жумакадырова чоң апасы Алтын Түлөбаеванын узчулук өнөрүн улап, сайма сайып, алмаз сыяктуу таштардан сүрөт тартып келет. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Айпери Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында билим алат.

«Чоң апамдын өнөрүн улап, жөрмө сайманы өздөштүрүп алгам. Андан тышкары алмаз сыяктуу таштарды тизип сүрөт тартам. Сентябрь айында боло турган III Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына катышуу үчүн кол эмгектер галереясын даярдап жатам», - деди ал.

Айпери үй-бүлөдө 4 бир туугандын кенжеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 612
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×