Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 06.08.2018 13:02

Кочкордун Теңдик айылындагы мал базарда кийим-кече, жер-жемиштер да сатылат, - тургундар (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Теңдик айылындагы мал базарда соодагерлер иретсиз соода кылышат. Бул тууралуу айыл тургундары аймактык кабарчыга билдирди.

Алардын айтымында, аталган мал базардан кийим-кече, жер-жемиштерди саткандарды дагы кезиктирүүгө болот.

«Теңдик айылындагы мал базарда мал-жандыктан тышкары кийим-кече, жер-жемиштер да сатылууда. Базарда сатуучуларга шарттар түзүлгөн эмес. Айрымдары кийимдерди жерге жайып алып сатып жатышат. Мындан сырткары базардан айыл чарба техникаларын, таттуу токочтордун түрүн, гүл жана башкаларды алууга болот», - деди тургундар.

Ошондой эле элеттиктер мал базардагы жол чырак иштебей тургандыгын жана анын кесепетинен айдоочуларга жана жөө жүргүнчүлөргө ыңгайсыз абал жаралып жаткандыгын кошумчалашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×