Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.08.2018 12:39

Сүрөт, видео — Ак-Талаанын Соң-Көл жайлоосунда улуттук ат оюндардын коштоосунда малчылардын тою белгиленди

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районунун Соң-Көл жайлоосунда кыргыздын улуттук ат оюндарынын коштоосунда малчылардын майрамы белгиленди. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, Соң-Көлдүн жээгинде өткөрүлгөн малчылардын майрамына облустук жана райондук бийликтин өкүлдөрү, жергиликтүү жашоочулар жана спортчулар катышты. Майрамдын алкагында эр эңиш, көк бөрү, кыргыз күрөш, тай чабыш жана аламан жарыш боюнча кызуу мелдеш өттү.

Көк бөрү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орун Тоголок Молдо айылынын 1-командасы;
- 2-орун Тоголок-Молдо айылынын 2-командасы;
- 3-орунду Жаңы-Талап айылынын командасы.

Аламан жарыш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орунга Эркинбек Соңколбековдун күлүгү келди (Тоголок Молдо айылы);
- 2-орунга Мамытбек Асаналиевдин күлүгү келди (Ак-Кыя айылы);
- 3-орунга Шабданбек Шамиевдин күлүгү (Тоголок-Молдо айылы).

Тай чабыш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:
- 1-орунга Акылбек Кайырбек уулунун күлүгү келди (Тоголок Молдо айылы);
- 2-орунга Мамытбек Асаналиевдин күлүгү келди (Ак-Кыя).

Кыргыз күрөшү боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

70 килограмм салмактан жогоркулар арасында
- 1-орун Алмаз Соодонбеков (Кара-Бүргөн айылы);
- 2-орун Кубат Бообеков (Кара-Бүргөн айылы);
- 3-орун Элеман Абдыкадыров (Нарын району, Ак-Кудук айылы).

70 килограмм салмактагылар арасында
- 1-орун Чыңгыз Улан уулу;
- 2-орун Автандил Акылбек уулу;
- 3-орун Арген Эдил уулу.

Эр эңиш боюнча мелдештин жеңүүчүлөрү:

70 килограмм салмактагылар арасында
- 1-орунду Аманбай Шайдин уулу (Жаңы-Талап айылы);
- 2-орунду Чолпонбай Темирбек уулу (Жаңы-Талап айылы);
- 3-орунду Кутман Ильичбек уулу (Тоголок Молдо айылы).

Мелдештин соңунда жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана дипломдор тапшырылды. Бул мелдешке райадминистрациясы, айыл өкмөт башчылары жана облустук жаштар иштери, дене тарбия жана спорт башкармалыгынын райондук өкүлү Рүстөм Жусупбек уулу демөөрчүлүк кылышып, жалпы байге фонду 35 миң сомду түздү. Ошондой эле райондук маданият үйүнүн өнөрпоздору тарабынан малчыларга арналып чакан концерт тартууланса, белгилүү төкмө акын Азамат Болгонбаев ыры менен малчылардын тоюн куттуктады.

Тема боюнча: Видео, сүрөт — Соң-Көл жайлоосундагы малчылардын тою мушташ менен коштолду
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×