Бөлүмдөр
Жекшемби, 21-октябрь
Нарын облусуКочкор району 06.08.2018 12:13

Кочкордо тапанча менен коркутуп, унаа уурдоого шектелген эркек киши кармалды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда автоунаа уурдоого шектелген эркек киши кармалды.

Маалым болгондой, кечээ, 5-августта саат 10:30 чамасында Т.К. аттуу адам милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, Кочкор районунун Сары-Булак айылында 30-35 жаштагы белгисиз киши тапанча менен коркутуп, «Субару Форестер» үлгүсүндөгү автоунаасын тартып алгандыгын билдирген.

«Колго түшүрүү» операциясынын жүрүшүндө жылып жүрүүчү посттор коюлуп, Кочкор айылынан Кочкор РИИБдин ЖКККБнын башчысы З.Шадыбаев, РИИБдин кызматкерлери З.Мукашев жана М.Сыдыков тарабынан шектүү катары 1981-жылы туулган Ж.Р. аттуу киши кармалган.

Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×