Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.08.2018 10:05

Нарын—Баетов жолуна асфальт төшөлүп жатат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районунун аймагына караштуу Нарын—Баетов унаажолунун 85-87-чакырымына асфальт төшөө иштери жүрүп жаткандыгын райондук №15 жол тейлөө ишканасынын башчысы Тынычбек Абдылдабеков аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, учурда Нарын—Баетов жолунун 85-87-чакырымындагы 1 километр 300 метр аралыгына асфальт төшөлүп жатат. Асфальт төшөөгө 7 млн 150 миң сом каралып, учурда анын 1 млн сому бөлүнүп берилген.

Мындан тышкары, Баетов жана Кайыңды-Булак айылынын ички борбордук көчөлөрүнө асфальт төшөө иштери жүрөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×