Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 06.08.2018 08:26 На русском

Видео, сүрөт — Соң-Көл жайлоосундагы малчылардын тою мушташ менен коштолду

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы Соң-Көл жайлоосунда уюштурулган малчылардын тою мушташ менен коштолду. Аймактык кабарчыга маалым болгондой, эр эңишчилердин ортосунда пикир келишпестиктер жаралып, эки тараптын ортосунда уруш чыккан.

Буга чейин маалымдалгандай 2-август күнү Соң-Көл жайлоосунда малчылардын майрамы белгиленип, улуттук оюндар боюнча мелдештер да өткөн. Анын алкагында Тоголок Молдо айылынын балбаны менен Жаңы-Талап айылынын балбаны бири-бирин камчы менен чаап жиберген. Мындан кийин эки балбандын тарапташтары кошо эки-экиден мушташкан.

Акыры аларды милиция кызматкерлери токтотушту.

Алдын ала маалыматтар боюнча, оор жаракат алгандар болгон эмес. Ал эми урушка себепчи болгон эки балбан элден жана уюштуруучулардан кечирим сурашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×