Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Ат-Башынын Арпа жайлоосунда малчылардын майрамы өттү (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Арпа жайлоосунда чабандардын майрамы өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, 2-август күнү Арпа жайлоосунда райондун жергиликтүү бийлиги, айыл өкмөт башчылары чабандар менен жолугушту. Анда аталган жайлоодогу алдыңкы малчыларга белектер, мактоо баракчалары тапшырылып, концерттик программа, оюн-зооктор уюштурулду. Иш-чаранын башкы максаты — малчыларга көңүл буруу жана алардын абалы менен таанышуу.

«Арпа жайлоосуна Ат-Башы районунун 4 айыл өкмөтүнөн малчылар чыгат. Алар менен жерине барып тааныштык. Мал оору жок, адамдардын ден соолугу жакшы экен. Жайыт куурап, саргарып кеткендиктен тургундар жер которууга даярданып жатышат», - деди райондун акиминин биринчи орун басары Жумагул Тентимишов.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1245
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×