Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусуКочкор району 03.08.2018 21:33

Кочкордун Көк-Жар айылындагы эски имарат спорт комплекске айланды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунун Көк-Жар айылында 3,3 млн сомго курулган спорттук комплекс ачылды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл өкмөт башчысы Жылдызбек Сабыржанов билдирди.

Анын айтымында, спорт комплекс өкмөттүн түрткү берүүчү грантынын эсебинен курулган. Спорт залдын ичинде күрөшүү жана машыгуу залдары да бар.

«Спорт комплекстин алдын айыл жаштары тазалашты. Мурда бул имараттын дубалы эле бар болчу. Илгери жыгач усталардын цехи болгон. Имарат 1975-жылы курулган. Ушул күнгө чейин мал сарай кылып алышкан эле. Учурда заманбап спорт комплексине айланды. Ичинде бардык шарттары бар», - деди Ж.Сабыржанов.

Буга чейин айылга түрткү берүүчү грант менен заманбап кичи футбол аянтчасы курулган болчу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×