Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

«Жаш кезимде Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштурушчу»: Муң-кайгысын ырга салган акын Б.Ниязованын жашоосу (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Ат-Башы айылынын тургуну Базаркүл Ниязованы жаш кезинде актриса Таттыбүбү Турсунбаевага окшоштурушчу. Көп кырдуу талант ээси менен аймактык кабарчы таанышты.

Базаркүл Ниязова 1951-жылы аталган айылда төрөлгөн. Мектепти бүткөн соң Нарындагы медициналык окуу жайды аяктап, Ат-Башыдагы аймактык ооруканада медайым болуп 25 жыл иштеген. Андан соң ардактуу эс алууга чыгып, учурда неберелерин багып, уул-келини менен жашап жатат. Келини аталган аймактагы маданият үйүндө ырчы болуп эмгектенет.

Жаш кезинен ырды сүйгөн каармандын калемине таандык жыйырма бештен ашуун ыры бар. Тагдырга байланыштуу муңдуу ырларды угуп, армандуу ырларды жазып келет.

«Эмгек жолумду Ат-Башы райондук ооруканасынан баштадым. Ал жактын бардык бөлүмдөрүндө иштеп чыктым десем болот. Жалпы 25 жыл иштеп, ардактуу эс алууга чыктым. Акындык өнөрүм жөнүндө айтсам, 25 жашымдан баштап ыр жазып, сактай берчүмүн. Орто жолдо жазбай да калдым. Азыр бала-чакам, келиндерим жөнүндө көп ыр жазам. Колдогу келин жакын болуп калат экен. Келиним Мээржанды барктап-баалап, көтөрмөлөсөм дейм. Негизи атам ыр жазат, мага да тукумдан өткөн окшойт. Көбүнчө башка кыйынчылык келгенде ырларды шар жазам. Апам каза болуп, бизге угузуп, жолдо кетип баратканда апама арнап 20 саптан ашык кошок жазгам. Акыркы убактарда ырларым гезитке да чыга баштады. Ырларымды китеп кылып чыгарайын деген оюм бар. "Жетээр бекен өмүрүм", "Акберметке", "Мээржанга", "Апакем", "Энекем ай", "Түш", "Телефон" жана башка ырлардын авторумун. Ыр жаатына кызыккандан кийин комузду үйрөнбөй калганыма өкүнөм. Адам өзүнүн мүнөзүнө, башынан өткөргөн турмушуна жараша ыр угат экен. Мен муңдуу ырларды көп угам, шаңдуу ыр ырдабайм», - деди ал.

Жаш кезинде көпчүлүк Т.Турсунбаевага окшоштурганын айткан акын: «Үйдөн аялга тиешелүү оокаттардын бардыгын жасайм. 3 уул жана 1 кызым бар. Жолдошум 10 жыл мурун оорунун азабынан каза болду. Өкүнүчтүүсү бир дагы небересин көрбөй калды. Алардын бардыгы үйлөнүп-жайланган. Жалпы 8 неберем бар. Жаш өткөндө баладан башка бакыт жок болот экен. Неберелеримди көрүп алып сүйүнөм», - деди.

«Энекем ай»

Асылдарым кымбаттарым ата-энем,
Чоң таяныч кеңешкенге сага келем.
Сүйүнүп сага жетчү жолдорумду,
Таш болсо да гүл шибердей басып келем.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3138
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×