Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Кочкордо кымыз фестивалында уюшулган сынактардын жеңүүчүлөрү аныкталды (сүрөт)

Turmush -  Кочкор районунда айыл өкмөттөр арасында «Кымыз майрамы» фестивалы жогорку деңгээлде өттү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Белгилүү болгондой, Кочкор райондук сейил гүлбакчасында Кочкор районундагы айыл өкмөттөрү жана жайыт комитеттери тарабынан уюшулган «Кымыз майрамы» фестивалында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева, Кочкор районунун акиминин орун басары Нурлан Эшмухамбет уулу, ардагерлердин райондук кеңешинин төрагасы Абамүдүн Кашкелеңов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Фестивалда ар айылдан келген өнөрпоздор оюн-зоок тартуулап, кыргыздын куда түшүү, келин алуу салттары сахналаштырылып көрсөтүлдү. Ошондой эле кол өнөрчүлүк, узчулук, кыргыздын тамак-аштары боюнча көргөзмөлөр уюшулду. «Кымыз майрамы» фестивалына Кичи Памирден келген кыргыз боордоштор да катышышты. Иш-чаранын акырында «Саамал кымыз» , «Бал кымыз», «Гүл кымыз» деген сынактардын жыйынтыгы чыгарылып, 1-орунду Сары-Булак айыл өкмөтү, 2-орунду Ак-Кыя айыл өкмөтү, 3-орунle Семиз-Бел айыл өкмөтү ээлешип, грамота, акчалай сыйлыктар тапшырылды. Ал эми Соң-Көл, Талаа-Булак айыл өкмөттөрү кызыктыруучу сыйлыктар менен сыйланышты.

Фестивалдын жыйынтыгы менен Бүткүл дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына жана облуста өтүүчү «Ыр кесеге» катышуучулар аныкталды.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 623
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×