Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-октябрь
Нарын облусу, Нарын 01.08.2018 13:41 Жаңыланды: 01.08.2018 19:00 На русском

«Эң бай адамды хан көтөрөбүз»: Памирдеги кыргыздарга жетекчилик кылган тактыдагы башчынын милдеттери (сүрөт)

Turmush -  Ооганстандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган кыргыздар азыркы убакка чейин башчылыкка хан көтөрүшөт. Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы бул жолу памирлик кыргыздар ханды кандай жол менен шайлашат, ал канча жылга шайланат, элге хан боло турган талапкер кандай сапаттарга ээ болушу керек деген суроолорго жооп издеди.

Кичи Памирден балдарын окутуу үчүн Кыргызстанга келип, Нарын шаарында жашап жаткан Абдулваид Жээнбек уулунун айтымында, ханды байлыгына карап эл шайлайт. Анткени сырттан келген меймандарды хан өзү коноктойт. Шайланган хан бир күндө 100 адамды коноктогонго мүмкүнчүлүгү болушу керек.

«Бул жакта башчылар башкача шайланат экен. Бизде болсо хан шайлайбыз. Жер-жерлерден элдер чогулуп кеңешип, эң байларды тандап, алардын арасынан бирөөсүн хан көтөрөбүз. Хан боло турчу адам "мени шайлагыла" деп эч качан айтпайт.

Ханды эл жөн эле шайлай бербейт. Биз башчы боло турган адамдын биринчи кезекте байлыгына карайбыз. Анткени башка жактан иш сапары менен келген ар бир мейманды коноктогонго шарты болушу керек. Мындайча айтканда бир күндө жүз адам келип калса дасторконун жайып, тамактарын жасап, мал союп, анын баардыгын коноктошу керек. Мейман коноктоого кеткен чыгымды хан мойнуна алат. Элден эч кандай мал, тамак-ашка деп акча чогултпайт», - деди ал.

Памирде хан меймандарды коноктогондон тышкары президент, министрлерге барып, элдин көйгөйүн көтөрөт жана элдин ичиндеги маселелерди чечип, жөнгө салып турат.

«24-июлда биздин Вахан районунун акими Кичи Памирге барып, элди чогултуп, "Силердин ханыңар өтүп кетиптир. Эми элдин керегине жараган бир кишини өзүңөр дайындагыла" деген экен. Эл жалпы чогулуп кеңешип, азыркы ханыбыз болгон ажы Бутуну шайлашыптыр. Мурунку Эрали ханыбыздын көзү 13-июлда өтүп кетти. Ал ханыбыз 5-6 жылдай эле башчылык кылды. Буга чейин Абдрашит хан 30 жыл башчылык кылган. Көзү өтүп кеткенден кийин анын уулу Душан ажы дегенди эл хан кылып шайлаган. Ал бир-эки жыл хан болгондон кийин Эрали ханды шайлаганбыз. Ал дагы кайтыш болуп, эми ажы Бутуну шайлашты. Ажы Буту 44 жашта, беш уулу жана жалгыз кызы бар. Аталары айылдын кадыр-барктуу аксакалдары болгон.

Бизде 8 айыл өкмөтү бар. Башчыларыбыз элдин ичиндеги маселелерди чечип берип турат. Мындан сырткары чоңдорго, министрлерге жалпы элдин көйгөйүн жеткирет. Ошондой эле кедейлерге мал-жандыктарынан берип каралашат», - деди ал.

Маалымдама:

Хан көтөрүү — бул байыркы салт катары чыгыш жазма булактарында, дастандарда, элдик оозеки чыгармаларда жана башка эстеликтерде сакталып келет. Кыргыздарда хан көтөрүү салты Кокон хандыгы кулаганга чейин сакталып келген. Байыркы кыргыздарда мамлекеттин башчысын тактыга отургузууда калктын жогорку катмары болгон өкүмдарлар каганды ак кийизге салышып, күндүн траекториясы (чыгыштан батышка карай) боюнча курмандык чалынган жерди тогуз ирет айланышкан. Андан соң каган: «Мындан кийин менин ар бир сөзүм кылыч болсун», деп жар салган.

Кыргыздар XII кылымдардан тартып эле Памир тоолорунда көчүп-конуп, XVI-XVII кылымдарда ушул аймакта өз алдынча туруктуу жашай башташкан. Бүгүнкү күндө Кичи Памирде 1200гө жакын адам, Улуу Памирде 825ге жакын адам (2017-жылдагы маалымат боюнча) күн кечирип келет. Аларда ушул мезгилге чейин хан көтөрүү салты сакталып калган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×