Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Ак-Талаада Ала-Буга жана Жаман-Даванга суу чарба объектилерин куруу иштери изилденип жатат (сүрөт)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Ала-Буга жана Жаман-Даван дарыяларына суу чарба курулуштарын куруу максатында чет өлкөлүк адистер изилдөө иштерин жүргүзүшкөндүгүн суу чарба башкармалыгынын башчысы Байышбек Акматов аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, 2026-жылга чейинки аралыкта ирригацияны өнүктүрүү боюнча мамлекеттик программанын алкагында келген адистердин максаты — аталган дарыяларга суу чарба курулуштарын куруунун зарылчылыгы, курула турган объектилердин чыгымдары, алардын пайдасы жана башка иштерди изилдөө болуп саналат.

«Маселе он жагына чечилип калса, анда "Ала-Буга" суу насостук станциясынын астындагы курулуш жумуштарынын 2-этабы 2019-2022-жылдары 346 млн сомго аткарылып, анын негизинде Кош-Дөбө жана Жерге-Тал айыл аймактарындагы 2451 гектар жер жаңы айдоо аянт катары өздөштүрүлөт. Экинчиден, Жаман-Даван дарыясынын астында 2021-2026-жылдары 1,5 млрд сомдук жумуштар аткарылып, Кара-Бүргөн, Ак-Чий жана Баетов айылдарындагы 4700 гектар жер жаңы айдоо аянт катары өздөштүрүлөт. Мунун негизинде Кайырма жана Чегиртке каналдарындагы көйгөй чечилип, чоң суу сактоочу жай курулат. Долбоордун ишке ашып кетүүсүн тилек кылып турабыз», - деди ал.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1007
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×