Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 20-август
Нарын

Айыл турмушу: 26 жаштагы Нурбек достору менен бирге айылына пескоблок чыгаруучу цех ачты (сүрөт)

Turmush -  Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылынын 26 жаштагы тургуну Нурбек Нурадин уулу аталган айылга 2 дос баласы менен пескоблок чыгаруучу цех ачып иштетүүдө. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, ишкананы быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата ачкан.

«Быйыл Аймактарды өнүктүрүү жылына карата пескоблок чыгаруучу ишкана ачууну пландап, Калыбек, Талгат досторум менен биригип ишке кириштик. 2 айдан бери дагы бир жумушчу алып иштетүүдөбүз. Учурда пескоблок менен айылыбызды жана Казыбек айылын камсыздап жатабыз. Пескоблоктон тышкары бетон шакекчелерин дагы чыгарабыз. Алдыда чийки кирпич дагы чыгаралы деген пландарыбыз бар», - деди ал.

Н. Нурадин уулунун жубайы Замира Ниязбекова экөөнүн баш кошконуна 4 жыл болду. Алар 1 кыз, 1 уулдун ата-энеси.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1162
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×