Бөлүмдөр
Шаршемби, 19-декабрь
Нарын облусуАт-Башы району 01.08.2018 10:18

Айыл турмушу: 38 чөбөрөлүү Т.Керимкулов 17 жашында согушка кетип, 23 жашында мекенге кайткан (сүрөт)

Turmush -  17 жашында согушка кетип, Ата Мекенге 23 жашында кайтып келген Тапа Керимкулов быйыл 92 жашта. Согуш ардагери менен аймактык кабарчы таанышты.

Тапа Керимкулов 1926-жылы Ат-Башы районуна караштуу Кара-Суу айылында төрөлгөн. Атасы менен апасы колхозчу болгон. Ал 9-классында 1941-жылы сентябрь айында Улуу Ата Мекендик согушка кеткен. Согуш ардагеринин учурда 12 баласы (5 кыз, 7 уул), 41 небере, 38 чөбөрөсү бар.

«Алгач Алматага барып, 2 ай аскердик даярдыктан өттүк. 1944-жылы март айында жарагандарын согушка жөнөттү. Түз эле Москвага бардык. Ал жактан Одер дарыясынын жээгиндеги согушка катыштык. Смоленск, Минск, Варшаваны басып өтүп, бул аймактарды фашисттерден бошотууга катышып, андан кийин Берлинге басып кирдик. Ысык-суукта жөө-жалаңдап, ачкалыктан алсырадык. Бирок Улуу жеңиш үчүн баарына чыдадык. Берлинге жеткенде Элба суусунун жээгинде экинчи Берлин аталган Магдебург шаарында болдум.

Тайманбаган эрдик менен советтик жоокерлер акыры жеңишке жетишти. Беш жылга созулган кандуу согуш 1945-жылы 5-майда бүттү. Алгач армиянын катарындагы жашы улуулар мекенди көздөй кетишти. Ал эми жаштарды аскерге алып калышты. Ошентип жеңиш күнүнөн кийин 6 жыл Берлинде жүрдүм. 1950-жылы 14-апрелде Ат-Башыга келдим. Ошондогу кубанычта чек жок болду. Туулган жеримди көргөндө кадимкидей көзгө жаш алдым», - деди ал.

Тапа Керимкулов 12 жыл милиция кызматкери болуп иштеп, кийин башка кызматтарды аркалаган. Талыкпаган эмгеги менен согушта көрсөткөн эрдиги үчүн 12 медаль менен сыйланган. Ал учурда «Нарын облусунун ардактуу атуулу» наамынын ээси жана Кара-Суу айылынын ардактуу аксакалы. Ошондой эле бүгүнкү күндө Улуу Ата Мекендик согушка катышкан айылдагы жалгыз ардагер. Учурда байбичеси Сабыш Исакова менен урмат-сыйга бөлөнүп, бактылуу карылыкты башынан кечирип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×